Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда инвесторлор эс алуу паркын жана 300 метрлик пирс курушту

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 217 | 0

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында инвесторлор Ысык-Көлдөгү эң узун пирс курушту. Анын узундугу 300 метрди түзөт. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ошондой эле 400 метрлик веложол, балдар аянтчасы жана шаар пляжы көрктөндүрүлдү. Анын расмий ачылыш аземи 1-августта болду.

Мындан тышкары, көл жээгине реконструкция жүргүзгөн Green City компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү, коттедждерди курууну пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM