Биз менен байланышыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн өзбекстандык Кыргызстанда кармалды

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 222 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы катчылыгынын каттоосу боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды.

Ал 1992-жылы туулган С.И.И. аттуу жараны экени маалым болду.

УКМК билдиргендей, кармалган жаран шериктери менен бирге жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, анын натыйжасында Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 12 миллиарддан ашуун өзбек сумунда (955 миң АКШ долларына жакын) зыян келтирилген.

Баткен райондук сотунун чечими менен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн өзбекстандык жаран тергөө абагына камалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM