Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнун аймагында “Комсомол” көлүнө түшүүнүн убактысы саат 9:00дөн 20:00гө чейин. Бишкек мэриясы көлдө сүзүү үчүн бир нече эрежелерди атады:
-Балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек.
-Үйлөнмө тосмолордун артында сүзүү кооптуу.
-Мас абалында сүзүүгө болбойт.
-Балдарды сууга жакын жерде кароосуз калтырууга болбойт.
-Кайыктардын жанында сүзүүгө же моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат.
-Туруксуз аба ырайы учурда сууда сүзүүдө абайлоо керек.
Мындан тышкары, “Комсомол” көлүнүн аймагында алкоголдук ичимдиктерди ичкендерге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесине ылайык, 1000 сом өлчөмүндө айып салынат же 20 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылат.