Биз менен байланышыңыз

Түркия жапырт нааразылыктарга карабай жолбун иттер боюнча мыйзам кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2024 | 336 | 0

Түркия парламенти түнкү талкуудан кийин жолбун иттер боюнча мыйзамды колдоду. Активисттер бул мыйзам жаныбарларды жапырт кырууга алып келет деп кооптонууда.

Документ жергиликтүү бийликти жолбун иттерди кармап, баш калкалоочу жайларга жайгаштырууга, кароого милдеттендирет. Мыйзам оорулуу жана агрессивдүү жаныбарларды өлтүрүүгө уруксат берет. Associated Press ошол эле маалда Түркия көп сандаган жолбун мышыктарга тийбей турганын жазды.

Активисттер көчөдө миллиондогон ит бар экенин, бирок Түркияда баш калкалоочу жайлардын өтө аздыгын белгилешет. Ансыз да каражаты тартыш жергиликтүү бийлик кошумча баш калкалоочу жайларды курууга акчаны кайдан табары белгисиз.

Мыйзам кабыл алынганга чейин Түркиянын жана Европанын бир катар шаарларында жапырт нааразылык акциялары өткөн.

Европа шаарларында нааразылык акциясына чыккандар жаңы мыйзам туристтерди Түркиядан алыстатарын эскертишкен. Өлкөнүн негизги оппозициялык күчү – Республикалык элдик партия бул мыйзамды жокко чыгарууну талап кылып Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди.

Бийликтин эсебинде, Түркиянын көчөлөрүндө төрт миллиондой ит тентип жүрөт, алар барган сайын агрессивдүү болуп, адамдарга кол салууда. Кабарларга караганда, жолбун иттер 2022-жылдан бери кеминде 75 адамдын өмүрүн алган. Алардын арасында жаңы мыйзамды алдыга сүрөгөн ассоциациянын башчысынын кызы да бар. Ал иттен качам деп жүк ташуучу унаанын алдында калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жаңы мыйзам “жолбун иттер көйгөйүн” чечүү үчүн зарыл экенин айтты.

Мыйзамдын мурунку версиясында иттерди кармап, кастрациялап, эмдөөдөн өткөрүп, кайра көчөгө кайтаруу сыяктуу чечимдер сунушталган. Жаныбарлардын укугун коргоочулар бул эрежелер сакталбаганын айтышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM