Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк валюта базарынан 48 млн 100 миң АКШ долларын сатып алды

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 388 | 0

Улуттук банк валюта базарынан 48 млн 100 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 12 жолу интервенция жасады.

Учурда доллардын расмий курсу 30-июлга карата 84 сом 3 тыйын деп белгиленген.

Ал эми бир евро — 91 сом 2 тыйын, бир орус рубли 0,9737 сом, казак тенгеси 0,1776 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM