Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан жаайт

Кыска кабар | 29 Июл 2024 | 249 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31.

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +34…+36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM