Биз менен байланышыңыз

25-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 418 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-июлдан 29-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эртең, 25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM