Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктардын алдын алуу үчүн дрон колдонулууда

Кыска кабар | 24 Июл 2024 | 340 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунда дрон менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда.

Атайын тесттик режимде жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында дрон менен байкоо жүргүзүлүп, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы авто унаадан ашып өтүү, озуп өтүү өңдүү жол эрежелери аныкталууда.

14-июлдан бери дрондор аркылуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда байкоо жүргүзүлө баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM