Биз менен байланышыңыз

Бишкекке кирген автоунаалардан жана туристтерден акы алуу сунушталды

Кыска кабар | 23 Июл 2024 | 270 | 1
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек шаарына башка аймакта жана чет өлкөдө катталган автоунааларды киргизүү үчүн акы алуу сунушталды. Мэрия тарабынан сунушталган пилоттук долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоор жактырылса, пилоттук режимде 6 ай иштейт.

Аталган долбоорго ылайык, калаада ижарага берилген электросамокат сыяктуу транспорттордон жана шаарга келген туристтерден да акча алуу сунушталууда.

Бишкек шаарынын аймагына шаардан башка аймактарда катталган автотранспорттун кириши үчүн жыйымдын өлчөмү жеңил унааларга 50 сом, чет өлкөлүктөргө 200 сом деп сунушталууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Кашке

    23.07.2024 18:00

    Айланар кетип атабы,мен күнүгө 100 жолу кирсем дагы төлөй беремби,эми чет өлкөлүк жарандарга кыйын эле болотко.Мынча болгондон кийин колдогу баштыкка да төлөткүлө.Кайра кетип бараткандарга да аба үчүн да налог салгыла.Дагы ойлонуп көргүлөчү бала ээрчитип келгендерге,эт алып келгендерге жана башкаларга да салгыла.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM