Биз менен байланышыңыз

Оштогу сел: Каналдар тазаланып, сугат суу берилүүдө

Кыска кабар | 23 Июл 2024 | 383 | 0

Ош облусунда өткөн жумада катуу жааган жаандан кийинки селден улам сугат каналдары тазаланып, дыйкандарга сугат суу бериле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Ноокат районунда “Күнгөй”, “Сапарбаев 2”, “Хожа”, “Старый Грей-Шорон” чарба аралык каналдары сел-кыяндан улам кыйроолорго учурап, атайын техника тартылып тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Араван районунда “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, “Жаңы-Арык” жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдарында тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Ош башкы суу чарба башкармалыгынын “Отуз-Адыр”, “Араван-Ак-Буура” чарба аралык каналдарында тазалоо жумуштары аткарылып, учурда сугат суу берилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM