Эртең, 24-июлга караган түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37 градус болот.