Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыйзамсыз иштеген төрт диний лагерь жабылды

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 140 | 0

Бишкектин аймагындагы мыйзамсыз төрт диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул мекемелер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн эмес. Диний балдар лагерлеринде 6-17 жаштагы кыз-балдар окуудан өтүшкөн.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын билим берүү жана эс алуу жайларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, алардын тамактануусун уюштуруу, билим берүү программаларынын иш жүзүндө жоктугу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар аныкталган.

Мындан тышкары, балдарды дин маселелери боюнча жетиштүү билимге ээ болбогон жаштар окутушкан.

Атайын кызмат мекеменин уюштуруучуларынын жана аларга оозеки уруксат берген мекемелердин, казыяттардын ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилерин билдирди.

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.

УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, диний лагерлерге берүүдө мыйзамдуулугуна көңүл бурууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM