Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бүбү-бакшыларды, көз боемочуларды жарнамалоого тыюу салынды

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 183 | 0

Президент Садыр Жапаров “Жарнама жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ быйыл 12-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, көзү ачыктарды жарнамалоо Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, долбоор кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

«Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес» , — деди депутат Маматалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM