Биз менен байланышыңыз

«Кооптуулук жок». Министрлик Ала-Арча капчыгайындагы көлдү текшерди

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 172 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3580 метр бийиктикте жайгашып, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 чакырым алыс.

Бир нече күндөн берки жаанчыл аба ырайында көлдүн абалы коомчулукту, капчыгайдын эс алуучуларын кооптондурду. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-июлда Адыгине көлүнө жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүздү.

Аталган көлдө суунун деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендиги аныкталды.

Министрликтин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин айтымында, жыл сайын бийик тоолуу көлдөр изилденет.

“Азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөр критикалык толуп кетүү коркунучунда эмес, буга космос-снимоктон байкоо, салыштыруу тынымсыз жүргүзүлүүдө. Биз тараптан “нулевой изотерма” тактап айтканда, температуранын жогорулашы  байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө ташып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда бул кызматтын кызматкерлерине тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген”, — дейт Даурбек Сакыев.

Буга чейин Улуттук Илимдер академиясынын кызматкери Сергей Ерохин “Азаттык” радиосуна берген маегинде тоо көлүнүн кооптуулугу тууралуу айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM