Биз менен байланышыңыз

Машыктыруучудан жер тилкесин мыйзамсыз тартып алууга шектелген адам кармалды

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 606 | 0

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын улук машыктыруучусунан «Дордой» базарынан жер тилкесин тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

УКМКга бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Н.Ж кайрылып, «Дордой» базарындагы жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алган таанышына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

24.kg агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып, арыз ээси Жылдызбек Ниязалиев экенин жазды.

УКМКнын маалыматына караганда, ал 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн «Жунхай» базарынын жанындагы 8,5 сотых жер тилкени сатып алган. Бирок

Ы.М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, «Береке» базарын андан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле аны крим чөйрөсү менен туугандык байланышы бар экендигин айтып коркутуп келген.

Жабыралануучу насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак-жайынан ажыраган. Мындан улам, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, жыйынтык болгон эмес.

Чогултулган материалдардын негизинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында спортчуну коркуткан адам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда аталган фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM