Биз менен байланышыңыз

Дональд Трамптын Пенсильваниядагы жолугушуусунда ок атылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2024 | 316 | 0

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Пенсильванияда шайлоо өнөктүгү учурунда сөз сүйлөп жаткан жерде ок атылды. Трамптын сөзү токтотулуп, бети канжалаган абалда аянттан чыгарылды.

BBC орус кызматынын маалыматына караганда, ок аткан киши набыт болуп, дагы бир адам каза тапканы айтылууда. Ок Трамптын оң кулагына тийген.

Республикачылардын президенттикке талапкери алдыдагы ноябрда боло турган шайлоодо чечүүчү күч болгон Пенсильвания штатындагы Батлер шаарында тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан.

Трамптын артында плакаттар менен анын тарапташтары турган. Тараган видеолорго караганда, Трамп АКШдагы мыйзамсыз мигранттардын саны тууралуу айтып жатканда ок атылган.

Трамптын басма сөз катчысы Стивен Чангдын айтымында, ал азыр ооруканада.

«Трамп укук коргоо органдарына жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлерине бул коркунучтуу окуя учурунда ыкчам жооп кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын абалы жакшы, аймактык ооруканада текшерилип жатат», — деди ал.

Кийинчерээк Трампты коргоого жооптуу болгон Жашыруун кызмат билдирүү тараткан. Анда ок аткан адам «митинг өтүүчү жайдын сыртындагы бийик жерден» сахнаны көздөй бир нече жолу ок чыгарганы айтылат.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден окуя боюнча маалымат алганын Ак үй билдирди. Жашыруун кызматтын жана Улуттук коопсуздук департаментинин жетекчилери, ошондой эле Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси брифинг өткөрүштү.

«Мага Пенсильванияда Дональд Трамптын шайлоочулар алдында сүйлөп жатканда ок атылганы тууралуу кабарлашты. Мен анын аман-эсен экенине кубанычтамын» , — деди Байден.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM