Биз менен байланышыңыз

Flyjump спорт комлексинин ээси үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 195 | 0

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту 8-июлдагы токтому менен Fly Jump спорт комлексинин ээси Н. уулу А. аттуу жаранды үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымата мында чечимдин чыгышына спорт комплекстин ээси анча оор эмес кылмыш боюнча айыпталып жатканы, мурда соттолбогондугу жана тергөө органдарынан жашырынбаганы негиз болгону айтылат.

«Бөгөт коюу чарасын тандоодо сот Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесинин, тактап айтканда, анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган, мурда соттолбогон, туруктуу жашаган жери бар деген талаптарга таянган. Анын өздүгү такталып, тергөө органдарынан жана соттон жашырынган эмес. Башка баш коргоо чарасын тандоого мыйзамдуу негиздер болгон эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

6-июлда саат 13:30 чамасында Flуjump спорт комплексинде 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран аскадан секиргени жатканда аркан үзүлүп кетип, каза тапкан. Буга байланыштуу ички иштер министрлиги тарабынан спорт комплекстин ээси 28 жаштагы Н.А. кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM