Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип өлгөн малды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көмдүрүү жана залалсыздандыруу иштери үчүн комиссия түзүлдү.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Министрлик 8-июлга карата эпизоотиялык абал туруктуу экенин, кошумча маалымат берилерин билдирди.
7-июлда Тоң районунундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жаз-Кечүү жайлоосунда түшкөн чагылгандын кесепетинен чабан Абдылдаев Көкүмбектин 250 баш кою өлгөн.