Биз менен байланышыңыз

Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен бала изделүүдө

Кыска кабар | 5 Июл 2024 | 140 | 0

Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусуна түшүп кеткен кичинекей баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

4-июлда «Лада 212140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Мурдаш суусуна түшүп кеткен. Унаада айдоочу менен кичинекей бала бара жаткан. Куткаруучулар айдоочуну куткарып чыгып, ал эми жаш баланы издөө иштери уланууда.

Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 199 адам тартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM