Биз менен байланышыңыз

ШКУ отурумунан кийин 20дан ашык документке кол коюлду

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 170 | 0

Казакстандын борбору Астанада 4-июлда өткөн ШКУ жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду. Отурум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы менен өттү.

Жыйынтыгында 20дан ашык документке кол коюлду.

Анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясы, Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасын бекитүү жөнүндө чечим, баңгизатка каршы күрөшүү, энергетикалык кызматташтык, инвесторлорунун ассоциациясы жөнүндө, жаратылыш аймактары жана эко-туризм чөйрөсүндө кызматташуу, Кытайдын Циндао шаарын 2024-2025-жылдары уюмдун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо, ичүүчү суунун жана канализациянын коопсуздугун камсыз кылуу, калдыктарды натыйжалуу башкаруу боюнча, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуулар бар.

Президент ШКУ саммитинде кайсы маселелерди көтөрдү?

Быйыл Астанада өткөң ШКУ саммитине Казакстан төрагалык кылды. Келерки жылы Кытай ШКУдагы төрагалыкты улантат.

Бүгүнкү саммитке Кыргызстан, Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекеттерини башчылары жана өкмөт башчылары катышты.

Отурумда Беларусь өлкөсү ШКУга толук кандуу мүчө болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM