Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыз-келиндер күрөшү үчүнчү орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 1 Июл 2024 | 547 | 0

Кыргызстандын 23 жаштагылар арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Нурзат Нуртаева (68 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (72 кг) алтын медаль утушту.

Ал эми Дильназ Сазанова (65 кг) жана Кайыркүл Шаршенбаева (76 кг) күмүш медаль утту. Арууке Кадырбек кызы (55 кг) коло байгеге татыды.

Кыргызстандын 23 жаштагылар арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы 147 упай менен 3-орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM