Биз менен байланышыңыз

Бишкекте троллейбус каттамдарын жоюуга каршы акция өттү

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 213 | 0

Бишкектеги 14-троллейбуста “Кыйынкы аялдама” аталышындагы акция өттү. Уюштуруучулар Бишкек мэриясынын троллейбус линияларын бузуп, бүтүндөй транспорттук системаны жок кылуу аракетине каршы чыгышканын билдиришти.

“Бишкек мэриясынын бул аракеттери шаарга миллиондогон долларлык орду толгус зыян алып келет. Буга чейин эсептен чыгарылган троллейбустар үчүн канчалаган миллион долларлык кредитти (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган 15 миллион евро) канча жылдан бери төлөй турганыбызга карабай, мэрия троллейбустардан кутулуу аракетин көрүүдө. Троллейбус көп жылдар бою ар кандай сыноолордон өттү: экономикалык, энергетикалык жана социалдык кризистер, Ковид, эми ал толук жок болуу алдында турат” , — деп айтылат кайрылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер шаардагы троллейбустардын кыймылынын тарыхына токтолуп, сүрөттөрдүн фотокөргөзмөсүн уюштурушту. Алар транспорттун экологиялык жактан эң таза түрү жок болуп жатканын айтышты.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев парламенттин 21-июндагы жыйынында Бишкек шаарындагы айрым гана троллейбус линиялары калтырыларын билдиргеен. Алар — Чыңгыз Айтматов проспектиси, Иса Ахунбаев көчөсү, Курманжан Датка, Жибек Жолу проспектилери менен каттаган троллейбус линиясы.

Калган жолдордон бардык линиялар демонтаж кылынып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгылары жер алды менен жүргүзүлөт.

Мэрдин айтуусунда, троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырымды түзөт, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткен. Бул линияларды алмаштырганга көп каражат кетет. Троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат.

«Ошондуктан троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа линиялары гана калтырылат. Алар — Чыңгыз Айтматов проспектиси, Иса Ахунбаев көчөсү, Курманжан Датка, Жибек Жолу проспектилери. Калган жолдордон бардык линиялар демонтаж кылынып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгылары жер алды менен жүргүзүлөт. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар болбойт» , — деди мэр.

Троллейбустардын ордуна коомдук каттамга электробустар коомдук каттамга киргизилет. 2023-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус алуу боюнча сүйлөшүү процесстери аяктап, электркубаттоочу станцияларды куруу боюнча иштер башталды. Учурда жалпы 152 троллейбус бар. Ош шаарына 150 троллейбус берилет.

Мындан тышкары, 1200 кичиавтобус шаардын сыртына чыгарылды. Анын ордуна автобустар киргизилди. Мэр билдиргендей, республикалык бюджеттин эсебинен миң автобус алынды, Европа банкы аркылуу 114, Германиянын гранты аркылуу 17 автобус алынды, дагы 68 автобус алынары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM