Бишкек-Ош жолунун 105-чакырымында жол тазаланып, каттам бир тарапка ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Учурда жолду толук тазалоо иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, 28-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, Бишкек — Ош жолунун 104-105-чакырымында унаа жолго майда таш түшкөн. Мындан улам жол убактылуу жабылган.