Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 29-июнда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 90 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 29-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +34…+36 градус ысык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM