Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар эки алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 28 Июн 2024 | 294 | 0

Кыргызстандын грек рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы курама командасы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 медаль утушту. Анын экөө алтын, бири күмүш, төртөө коло медаль.

Аманат Самат уулу 67 кг салмак ченинде, Нурманбет Раймалы уулу 97 кг садмакта алтын утушту.

Артык Орозбеков 130 кг чейинки салмакта күмүш медаль алды.

Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг)  коло медалга ээ болушту.

Курама команда улук машыктырууч Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM