Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Кытайдын Үрүмчү шаарына барды

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 120 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарына барганын өкмөттөн кабарлашты.

Акылбек Жапаров “Кытай — Евразия ЭКСПО” аталышындагы сегизинчи эл аралык көргөзмөгө катышып, сөз сүйлөйт. Анын жүрүшүндө ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугат, ошондой эле көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышат.

Ошондой эле Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен жолугуп, кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Мындан тышкары Кытайдын бизнес коомчулугунун жетекчилери менен жолугат.

Хами шаардык округуна барып, ири компаниянын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат. Жумуш сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM