Биз менен байланышыңыз

Өндүрүш Токтонасыровго сот салган айыпты төлөө үчүн акция башталды

Кыска кабар | 21 Июн 2024 | 200 | 0

Бир катар активисттер буга чейин сот тарабынан 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген Өндүрүш Токтонасыровго жардам берүү үчүн акция башташты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду “Расалык, этностук, улуттук, диний, дин аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

“Өндүрүш байке 5 миң сом пенсиясына жашайт. Соттук процесстери болуп жатканда экинчи жолу инсульт алды, экинчи топтогу майып болуп эсептелет. Кан басымы көтөрүлүп, угуусу начар. Ал үчүн сот тарабынан салынган айып чоң жүк. Ал мындан ары адилетсиздик менен күрөшүүгө алы жок. Бирок соттун чечимин аткарбаса жоопкерчиликке тартылат. Андыктан, чогуу ага бул айып пулду жабууга жардам берели” , — дешет активисттер.

Өндүрүш Токтонасыровго жардам көрсөтүү боюнча реквизит:

МБАНК: +996 555081678.

Өндүрүш Токтонасыровго 2023-жылы июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ага фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айып коюлган.

Ошол жылы Токтонасыровду 30-июнда Сокулук районунун Лесное айылынан ак түстөгү унаага белгисиз бирөөлөр салып кетишкен. Укук коргоочулар ИИМге кайрылып, окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынган.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров укук коргоочу, жарандык активист катары таанымал. Ал өлкөдө болуп жаткан акыйкатсыздык же адам укуктарына байланыштуу маселелерде пикирин ачык айтып, акцияларды өткөрүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM