Биз менен байланышыңыз

Ош-Сары-таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Кыска кабар | 21 Июн 2024 | 290 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 70-71-чакырымында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.

Буга байланытуу жол убактылуу жабылганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштерүү жүрүп жатканы кабарланды.

Башкармалык айдоочуларга чектөөнү эске алып, азырынча жолго чыкпай турууну эскертет.

Мындан тышкары, 20-июнда саат 21:50 чамасында Ош облусунун Ноокат районун Жийде айылында сел жүрүп Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун болжол менен 55-чакырымын каптап, унаа жол убактылуу жабылган.

Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM