Биз менен байланышыңыз

Европарламентке шайлоо: Партиясы жеңилген Макрон парламентти таратты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 817 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Европарламентке болгон шайлоодо өзүнүн партиясы утулгандан кийин парламенттин төмөнкү палатасын таратты.

Европарламентке шайлоо өткөн жумада 6-9-июнда өттү. Экзит-поллдор жана добуштарды саноонун алгачкы жыйынтыктары Франция менен Германия баш болгон көптөгөн өлкөлөрдө ашкере оңчул партиялардын ийгилигинен кабар берүүдө.

Францияда Марин Ле Пен негиздеген ультраоңчул «Улуттук биримдик» партиясы ишенимдүү алдыга чыкты. Сурамжылоолорго ылайык, Ле Пендин партиясы 32% добуш алса, башкаруудагы «Кайра жаралуу» партиясы 15% чукул гана добуш топтой алды. Үчүнчү орунга 14% добуш менен Франциянын социалисттик партиясы чыкты.

Өз партиясы жеңилгенден кийин Макрон өлкөнүн парламентин таратканын жарыялады жана 30-июнга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү белгиледи.

Макрон ошондой эле кайрылуу жасап, парламенттин тарашы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, ашкере оңчул партиялар Европада позицияларын бекемдеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM