Биз менен байланышыңыз

Июлдан тарта патент менен соода кылуу токтотулат

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 171 | 0

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертти.

2024-жылдын 1-июлунан тарта өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы салык режимин жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандай алышат.

Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууда салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Базарларда жана кичи базарларда иштеген ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы, эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1%ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана башка милдеттенмелерди аткарууга милдетүү.

Жалпы салык режимин тандоодо салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт.

Стратегиялык объекттерге кирген базарлар «Дордой» жана «Тураталы эл базары» (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM