Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиялык эксперттер климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн чогулушту

Казакстандын Алматы шаарында Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык илимий конференция өтүүдө. Ага   Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, министрликтер, климат, экология боюнча адистер катышууда.

Иш чаранын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүндө суунун жетишсиздиги, жердин деградациясы, табигый кырсыктардан улам климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери жана анын алдын алуу жолдору талкууланып, адистер өз ара тажрыйба алмашууда.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнөн улам айыл чарба, энергетика өңдүү бир топ тармактарда көйгөйлөр жаралып келет. Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары  Асель Раимкулованын айтымында экологиялык көйгөйдү чечип, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн , 11 млрд доллар керектелет. Анын 37 % мамлекеттен, калганы эл аралык донолордон алуу каралган.

«Климаттын өзгөрүшүндө жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн азыр атайын долбоор иштелип жатат. Бул иш-чарадан тажрыйба алмашып, көйгөйдү бирге чечүү аракетин көрөбүз. себеби, экологиялык көйгөйдү биргелешкен иш алып баруу менен гана чече алабыз».

Ал эми Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Татьяна Проскурякова  мамлекеттер менен кызматташып, климаттын өзгөрүүсүндө жаралган көйгөйлөрдү чечүүдөгү  пайдалуу долбоорлорду колдоорун айтты.

 «Климаттын өзгөрүүсү актуалдуу көйгөй жана аны Борбордук Азия өлкөлөрү биргелешип гана чече алышат. «Жашыл саясатты» кабыл алуудан жана ишке ашыруудан тарта кайра жаралуучу энергияга, туруктуу айыл чарбасына жана жаратылыш ресурстарын башкарууга жашыл каржылоону жана инвестицияны илгерилетүүгө чейинки маселелердин кеңири чөйрөсү бир убакта чечилиши керек. Биз мындан ары да өкмөттөр менен тыгыз кызматташып, талдоо жана сунуштар менен бөлүшүп, Борбордук Азия элдерине пайда алып келүүчү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоону улантабыз».

Иш чаранын алкагында, Борбор Азиядан келген  журналисттер үчүн окуу программасы да өткөрүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM