Биз менен байланышыңыз

24-майдын аба ырайы

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 198 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+13, күндүз +22…+27

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +25…+27° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM