Биз менен байланышыңыз

Пакистандык студенттердин жатаканасына ызы-чуу уюштургандар кармалды

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 269 | 0

Бишкекте милиция кызматкерлери массалык башаламандык учурунда бир катар оор кылмыштарды жасаган активдүү катышуучуларды аныктоону жана кармоону улантууда.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, 18-майга караган түнү саат 01:00 чамасында Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде белгисиз адамдар жалган маалымат таратуу менен коомдук тартипти одоно бузуп, массалык баш аламандык уюштурушкан. Алар аталган даректе жайгашкан жатаканага мыйзамсыз кирип барып, анда чет өлкөлүк жарандарды ур-токмокко алып, материалдык зыян келтиришкен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык» беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Ал эми тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары 2003-жылы туулган А.Т. жана 1999-жылы туулган Ж. А. кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан аталган фактыларга тиешеси бар адамдардын жүргөн жерин аныктоо, аларды кармоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери улантылууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM