Биз менен байланышыңыз

Айдаралиев: 1200 чет өлкөлүк студент өз мекенине кайтты

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 288 | 0

Кыргызстандын эл аралык университетинде окуп жаткан 1200 студент мекенине кайтты. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын ректору Асылбек Айдаралиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган университетте жалпысынан үч миңдей чет элдик студент билим алат.

“18-майга караган түнү болгон окуядан кийин биздин университетте окуп жаткан 1200 студент өз өлкөсүнө кетти, алардын 90 пайызы пакистандык студенттер. Мекенине кайткан студенттердин басымдуу бөлүгү 1-2-курстун студенттери, ал эми жогорку курста окугандар Кыргызстанда калды. Жаракат алган студенттер университеттин ооруканасында дарыланууда”, — деди Асылбек Айдаралиев.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 28 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү чет өлкөлүк студенттердин жатаканасында башаламандык болуп, анда 30га жакын студент жабыркаган. Аталган жатаканада негизинен пакистандык студенттер болгон. Массалык башаламандыктан соң, алар Пакистан бийлигинен Кыргызстандан алып кетүүсүн суранган. Пакистан тарап чартердик рейс уюштуруп, жаңжалда жабыркаган жана өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган студенттерди 18-май күнү алып кете баштаган. ЖМКлардагы маалыматтар боюнча 18-майдан бери 3-4 чартердик каттам уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM