Connect with us

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыз изделүүдө

Кыска кабар | 19 Май 2024 | 216 | 0

Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 жеткинчек кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн 38 куткаруучу, 60 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам, дрон жана 2 кайык тартылып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна 7 жаштагы К.М. жана 8 жаштагы Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM