Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: Кыргызстандын футзалчылары Иран менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2024 | 444 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 24-апрелде Азия кубогунун чейрек финалында Иран курамасына каршы ойнойт.

Беттеш Таиланддагы «Бангкок Аренада» орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Бул оюнда уткан команда дароо Азия кубогунун жарым финалына чыгып, аны менен кошо ушул жылдын сентябрь айында Ташкентте өтө турган футзал боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Оюндун түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM