Биз менен байланышыңыз

Лицензиялык турнир: Кыргызстандык балбандар Олимпиадага 4 жолдомо утушту

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2024 | 499 | 0

Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турниринде Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 4 жолдомо утуп алышты.

Турнир 19-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында өттү. Эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча жалпысынан 36 балбанга лицензия ыйгарылды.

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынан 13 балбан катышып, арасынан төрт балбан лицензия алды.

Мээрим Жуманазарова Токиодо коло байгеге ээ болгондон кийин экинчи ирет Олимпиадага барат.

Эрназар Акматалиев үчүн Париж оюндарына экинчи жолу барат.

Бекзат Алмаз уулу (эркин күрөш, 57 килограммга чейин) жана Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү, 67 килограммга чейин) Олимпиада оюндарында биринчи жолу беттешет.

Бишкекте өтүп жаткан турнирде лицензия үчүн күрөштө Орозбек Токтомамбетов (эркин күрөш, 74 кг чейин), Үзүр Жузупбеков (грек-рим күрөшү, 97 кг чейин) жана Роман Ким (грек-рим күрөшү, 130 кг чейин) ) күч сынашкан бирок алар чечүүчү беттешүүдө атаандаштарына утулуп калышкан.

Кийинки лицензияга тандоо дүйнөлүк турнир 9-12-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт, анда 1-2-3-орундарды ээлеген балбандар Олимпиадага жолдомо алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM