Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 253 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагында 22-апрелге караган түнү саат 01:27де очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда, Сары-Жаз кырка тоолорунда — Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 27 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 100 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчу сезилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM