Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжада селден бир адам каза болду

Кыска кабар | 21 Апр 2024 | 233 | 0
Архив

Кечээ, Кара-Кулжа районунун Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 41 чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Селдин кесепетинен, айдоочуну ылай аралашкан суу агызып каза тапкан. Ал эми, унаадагы эки аял менен жаш баланы жергиликтүү эл куткарганга жетишкен.

Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан келген 11 адам айдоочунун сөөгүн сайдан издеп таап, туугандарына өткөрүп берген.

20-апрелде Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Алай,  райондорунда сел жүргөн. Алайдын Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 34 үйдүн короосун сел каптаган. Анын ичинен беш турак жайдын жана мектептин жертөлөсүнө суу кирген. Мындан сырткары, ички чарбалык автоунаа жолдун беш жерин сел каптаган, ушул тапта жол ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

 

Copyright © 2017 Maral FM