Биз менен байланышыңыз

Сот адилеттик үйлөрүнүн ачылышы тейлөөнүн сапатын өстүрүүдө

Коом | 20 Апр 2024 | 404 | 0

Жалал-Абад шаарынын Адилет үйүндө өткөн «Элге багытталган адилеттүүлүк» улуттук форумунда интерактивдүү панелдик талкуулар, мастер-класстар жана Сот адилеттик үйүндө экскурсиялар уюштурулду.

Муну менен катар калк менен өз ара аракеттенүү, талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын өнүктүрүү, сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу механизмдери талкууланды.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков форум сот системасындагы өзгөрүүлөрдү, жетишкендиктерди коомчулукка жеткирүү жана жетишилген талыкпаган эмгектин оң натыйжаларын көрсөтүү максатында уюштурулуп жатканын билдирди.

Базарбаев иш-чаранын өтө турган жери дагы жөн жайдан тандалбаганын, Адилет үйүн түзүүдө элдин талабы эске алынганын белгиледи.

Муну менен катар ал Адилет үйлөрүн өлкө боюнча жайылтуу пландалып жатканын, жакында Ош жана Нарын облустарында да ачыларын айтты.

«Адилет үйлөрү жарандар үчүн сапаттуу шарттарды түзүүгө багытталган сот системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин чыныгы көрсөткүчү болуп саналат жана мындай үйлөрдү Кыргызстан боюнча ачууну пландаштыруудабыз. Сот адилеттигин адамдардын муктаждыктарына багыттоо үчүн, биз көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле, сот ишмердигине санариптик технологияларды киргизүүнү көздөп жатабыз. Өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен соттордо сот өндүрүшү жана иш кагаздары электрондук форматка өтүп жатат. Бул сот тутумунун ишинин ачыктыгын камсыз кылууга, сот адилеттигин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга жардам берет. Мындан сырткары, жарандардын жана уюмдардын сот актыларына өз убагында жетүүсүн камсыз кылган сот чечимдерин автоматташтырылган жарыялоо системасы түзүлгөн».

Улуттук форум Кыргызстандын Жогорку соту, Жалал-Абад облустук соту менен биргеликте USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун техникалык жана эксперттик колдоосу менен өттү.

USAIDдин Демократияны өнүктүрүү боюнча адиси Тара Нил адамдарга багытталган сот адилеттиги – сот процессинин бардык катышуучулары үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү экенин жана USAID сот тутумунда болуп жаткан өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жалал-Абад шаарындагы Адилет үйү өткөн жылдын июль айында ишке кирген. Анын ачылышына облуска иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров катышкан.

Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган обьектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өткөн.

Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Добулбеков сот адилеттик үйлөрүнүн ачылышы биринчи кезекте элге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталганын белгиледи.

Ошол эле учурда ал элдин убактысын үнөмдөөгө жана аларга керектүү бардык шарттарды түзүү үчүн сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашканын айтты.

«Адилеттик үйү былтыр жайында ачылган. Бул жерде 7 мекеме бир имаратта камтылган. Элге карата сапаттуу кызмат көрсөтүү багытында иш алып барууда. Бул жерде элге ыңгайлуу болушу каралган. Бир жерден бир жерге барып, убара болушпайт. Бардык керектүү кызматтар бир мекемеден алса болот. Бүгүнкү күндө элдин кандай талабы болсо, алардын баары орнотулуп жатат. Ал эми форумдун максаты бир гана Жалал-Абад облусунда эмес, башка аймактарга жайылтуу болуп саналат. Мындай форум биринчи жолу өтүп жатат. Жалал-Абад облусундагы адилеттик үйү үлгү болуп жатат десек болот».

Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы, анын кызматтык бөлүмдөрү.

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн «Бирдиктүү терезе» принцибиндеги шарт түзүлдү. Орто эсеп менен Сот адилеттиги үйү бир күндө 350-400 жаранды кабыл алат.

Жалал-Абад аймактык адвокатурасында төраганын милдетин аткаруучу Амангелди Молдобаев буга чейин бир топ жыл судья кызматында иштеп келген. Ал бүгүнкү күндөгү сот системасы менен мурункуну салыштырып, чоң айырмачылык бар экенин айтты.

«Бир канча жыл сот системасында судья болуп иштегем. Азыркы учурда адвокатмын. Мурдагыга салыштырмалуу сот системасында айырмачылык өтө чоң болуп жатат. Сот системасына кайрылсак, учурда судьялардын чыгарган сот актылары, өкүмдөрү, чечимдеринде бир аз өзгөрүү бар. Мисалы көп адамдын тагдырын чечүүдө соттор адилеттүү карап жатышат. Адилеттүү сот актылары чыгып жатканына ынанабыз. Ал эми буга чейин сот системасында биз дагы адилеттүү иштерди караганбыз. Адилеттүү чечимдер чыккан. Бирок ал убакта бийлик жактан көбүрөөк басым көрсөтүлгөн. Мисалы чечимди ушундай чыгар, чыгарбасаң иштен кетесиң деген сыяктуу коркутуулар болгон. Учурда судьялардын жашоо шарттары мамлекет тарабынан кепилденген. Президент тарабынан үйлөр салынып берилүүдө. Судьялар үчүн заманбап шарттар түзүлүүдө».

«Элге багытталган адилеттүүлүк» улуттук форуму 18-19-апрель күндөрү өттү. Форумдун биринчи күнүндө Жалал-Абад облустук «Барпы» театрында «Кыйылган өмүр» пьесасы коюлду. Спектакль Жалал-облустук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп, азыркы коомдогу адилеттүүлүк маселелерин чагылдырган көрүнүш.

Форум жаңы форматта өтүп, жүздөн ашык көрүүчүлөр форумдун театрын, адвокаттардын ишенимине арналган видеороликти көрүп, медиаторлордун иши менен таанышып, соттун чечими боюнча түшүндүрмөлөрдү, пробация көзөмөлү, электрондук билерикти колдонуунун мисалы жана кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам кызматынын юристтеринин ишмердүүлүгү  менен тааныша алышты.

Иш-чарага Президенттик Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ошондой эле сот, прокуратуранын өкүлдөрү,  Акыйкатчы институтунун, медиация, адвокатура, аксакалдар соту, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар, жогорку окуу жайлары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана активисттер катышты.

Буга чейин биринчи Сот адилеттиги үйү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ачылган.

Жалал-Абад шаарындагы Адилет үйү:

Copyright © 2017 Maral FM