Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык үч балбан Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2024 | 551 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдешинин жарым финалына чыгышты.

57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштап Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбанды 6:2 эсеби менен утту. 1/4 финалда кытайлык балбанды жеңип, жарым финалга чыкты.

65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Каримди 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кытайлык балбан менен беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 12:6 эсебинде жеңди.

Ал эми 74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалда Бахрейн мамлекетинин атынан чыгып жаткан орусиялык Магомерасул Аслуев менен беттешип 7:1 эсебинде жеңишке жетти. 1/4 финалда индиялык Жайдип Жайдип аттуу балбан менен беттешип 2:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Белгилей кетсек, бул мелдеште финалга чыккан балбандар автоматтык түрдө Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM