Биз менен байланышыңыз

Күрөш боюнча Азиянын олимпиадага лицензиялык турнири башталды

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2024 | 419 | 0

Бүгүн, 19-апрель күнү Бишкекте Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо берүүчү азиялык турнир старт алды.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча 6 салмак категориясында (57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг) мелдештер орун алып, өлкө намысын 6 балбан коргойт. 1-2-орунду ээлеген спортчулар Олимпиадага жолдомо алышат.

57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анда Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбан менен күч сынашат.

65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Карим менен күрөшөт.

74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетовдун алгачкы атаандашы Бахрейн мамлекетинин атынан чыгып жаткан орусиялык Магомерасул Аслуев.

86 кг чейинки салмакта Нуртилек Карыпбаев 1/4 финалга чыгуу үчүн камбоджалык Вытуй Ханга аттуу спортчу менен таймашат. Эгер аны утса кытайлык Зушен Лин аттуу балбан менен жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

97 кг чейинки салмакта Андрей Аронов 1/8 финалда түркмөнстандык Шатлык Хемеляев менен күрөшөт.

125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев 1/4 финалдык баскычтан баштайт. Атаандашы пакистандык Заман Анвар жана казакстандык Юсуп Батымурзаевдин кармашынан кийин билинет. Кыргызстандык спортчу жеңүүчүсү менен чыгат.

Эскерте кетсек, аталган лицензиялык мелдеш Бишкекте биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM