Биз менен байланышыңыз

TikTokту колдонууга толук чектөө киргизүү мүмкүнбү?

Коом | 17 Апр 2024 | 346 | 0

Кыргызстандын аймагында TikTok социалдык тармагын колдонууга чектөө киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМКнын катынын негизинде интернет провайдерлерге 18-апрелден тарта бөгөттөө боюнча билдирүү жөнөткөн.

Бул маселе социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, TikTok социалдык тармагына чектөө киргизилип жатканына каршы болгондор жана бул чечимди колдогондор да бар. TikTokту чектөө мүмкүнбү?

TikTok социалдык тармагы акыркы учурда көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан соцтармактардын бирине айланып калды. Анда кээ бир жарандар өздөрүнүн бизнесин баштап, аны TikTok социалдык тармагы аркылуу алга жылдырып келсе, кээ бир үйдө отурган жарандар өздөрү колдо жасаган товарларын сатып, ишкерлигин жүргүзүп келет. Ал эми айрым жарандар көңул ачуу үчун гана колдонушат.

2023-жылдын 30-августунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Министрлик буга TikTokто балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы себеп деп билдирген.

Учурда бул демилге кайра көтөрүлүп, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына кирүү чектелет деген маалыматты тастыктады. Министрлик бул чаралар УКМКнын катынын негизинде көрүлгөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын лицензиалоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Асанов түшүндүрдү.

«Чечимге TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамды аткарбагандыгы негиз болгон. Мыйзам балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрүн аныктайт», — деп айтылат Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында.

16-апрелде министрликке караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok социалдык тармагына кирүүнү чектөөнү суранган кат жолдогону белгилүү болгон. Интернет провайдерлери 18-апрелге чейин TikTokту бөгөттөшү керек.

IT адиси Нурсултан Сардарбековдун айтымында, ар бир өлкө каалаган социалдык тармакты өлкөнүн аймагында колдонууга чектөө киргизе алат, бирок башка платформаны колдонуп, ал чектөөдөн чыкса болорун айтат.

«Эгер мамлекеттик деңгээлде ар бир эле социалдык тармакты четеп кое алат. Бирок азыр технологиянын заманы мамлекет чектөө киргизгенине карабастан ВПН аркылуу бардык эле социалдык тармактарды, тиркемелерди колдонууга болот».

Социалдык тармактарда TikTok соцтармагын жабуу аракети кызуу талкууланып жаткан учуру. Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нияз Сарыев TikTokтун жабылуусуна каршы пикирин жазып, ата-энелер балдарын көзөмөлдөөсү керектигин айткан.

«TikTokтон  жаманды көргүсү келип издеген адам Тик-токсуз деле көрөт, издейт, табат. Бул жагы адамдан. Жаш өспүрүмдөргө келсек, балким ата-энелерине дагы жоопкерчилик берилип, өздөрү тыюуу салып карашса. Мисалы мектепке телефон алып кирүүгө тыюуу салса болот, үйдө ата-эне караса, анан аша чаап Тик-токто, улуттук намысты тебелеп, уят иштерди кылгандарга, арак ичип рульга олтургандай эле штрафты салыш керек.

Анан TikTok аркылуу жакшы иштерди жасап, нан таап, ийгиликке жеткен жаштар толтура. Азыр компьютердин технологиянын заманы дейбиз,андай болсо караңгылыктан чыгалы..Жаштарга зыян жактары бар,ооба бирок пайдалуу жагын да карап көрбөйлүбү. Канчалаган жаштар бизнес кылып, аракет кылып жатышат. Канчалаган керектүү жана пайдалуу маалыматтар бат тарап жетип жатат».

Маркетолог, СММ адиси Зина Калыбектин айтымында, TikTok маркетинг тармагынын бир бутагы. Ал аркылуу СММ адистери, ишкерлер киреше таап жатышат.

«TikTokту жаап салса деле ВПН менен кире беришет. Чектөө киргизүү менен маселе чечилбейт. Жалпысынан мен каршымын, анткени көпчүлүк ишкерлер, СММ адистер TikTok аркылуу каражат таап келишдө. Бул маткерингтин бир инстурменти, аталган тармак биздин өлкөдө жаңыдан өнүгүп келе жаткан. Баардык нерсе ата-энеден көз каранды алар балдарын көзөмөлдөп, TikTokтон эмнени көрүп жатат, кандай видеолор чыгып жатканын көзөмөлгө алуулары керек. Анткени TikTokтун алгоритими көрүлгөн видеолорго жараша башка видеолорду да чыгарып салат».

Буга чейин TikTok социалдык тармагы аркылуу күнүмдүк турмушунда жасаган иштерин чыгарып, блогкрликке чейин жеткендер да бар. Кээ бир TikTok колдонуучулары чет өлкөлүк теле каналдарга чейин чыгып, белгилүү болушкан.

Ошол эле учурда TikTok социалдык тармагы аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратып, жоопкерчиликке тартылган учурлар да катталган.

Буга чейин бир катар өлкөлөр TikTok социалдык тармагын чектөөгө аракет кылышкан.

2016-жылы Кытайда чыккан тиркеме 2023-жылы 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM