Биз менен байланышыңыз

Эмгек кодексинде эмнелер өзгөртүлдү?

Коом | 17 Апр 2024 | 374 | 0

Кыргызстанда Эмгек кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Жаңы Эмгек кодекси өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн демилгеси менен өзгөртүлгөнү кабарланды. Кодекстин долбоору мамлекеттик органдардын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусунда иштелип чыккан. Ага ылайык, бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушу берилди. Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилүүдө? 

Эмгек кодексинин жаңы сунушталган редакциясына ылайык, 23-февраль «Мекенди коргоочулардын күнү», 7-апрель «Апрель Элдик революциясынын күнү», 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» мамлекеттик майрам деп белгиленет. Бирок бул күндөрү дем алыш болбойт.

Жумуш эмес майрам күндөрү: 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август.

Жаңы жылдык каникулдар: 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь;

Май айындагы эс алуу күндөрү: 1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май;

Орозо айт жана Курман айтта да эс алуу болот.

Дем алыш күндөрүн которуунун ченеми жокко чыгарылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелова азыркы Эмгек кодекси 20 жыл мурун кабыл алынганын, андан бери 30дан ашык өзгөрүү киргенин белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө экономикалык эмес мамилелердин өнүгүүсүнө жана ишке орноштурууну жаңы ыкмалары пайда болуусуна байланыштуу жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.

«Мындан тышкары Эмгек кодекси бизнес коомчулук өкүлдөрү тарабынан да көтөрүлгөн. Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында жаңы кодекс иштелип чыкты. Азыркы жаңы Эмгек кодекси 165 беренеден, 6 бөлүмдөн, 23 главадан турат».

Эмгек министрлигинин адиси Кемелова Эмгек кодексине киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө токтолду.

«Иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, эмгек өргүүнү, бошотулганда жана башка төлөмдөрдүн төлөөнүн мөөнөтү бузулган учурда айыптык ставканын бирдиктүү пайызы белгиленди (0,25 %). Эмгек акыны өндүрүү боюнча талаш-тартыштардын эскирүү мөөнөтү белгиленди (3 жыл). Мөөнөтү өткөн сумманы төлөөдө пайыздык чендин чеги алынып салынды. Кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө кесиптик стандарттардын негизинде аткарылуучу иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталат. Кызматкерлерге эмгек акы төлөөдө эмгекке акы төлөөнүн төмөнкүдөй негизги түрлөрү колдонулат – бул убакыт, саат, бөлүк».

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, кодексте эмгек акы төлөөнүн минималдуу өлчөмү аны эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимумунун чоңдугуна чейин этап-этабы менен жогорулатуу принциби менен бир эле учурда өлкөнүн аймактарында тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен квалификациялуу эмес эмгек үчүн белгиленет.

Мындан тышкары санариптештирүүнүн алкагында эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин түзүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү.

Эмгек министрлигинин кызматкери Асел Кемелованын маалыматына ылайык, тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишиминде аралыктан иштөө менен бирге айкалышкан аралыктан иштөө да белгилениши мүмкүн.

«Жаңы түшүнүктөр менен толукталды (айкалышкан аралыктан иштөө, квалификациялардын улуттук алкагы, квалификациялардын улуттук системасы, кесиптик стандарт, дуалдык окутуу ж. б.). Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында бир катар жумуш эмес майрам күндөрү кайра каралып чыгып жана бекитилди. Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек мамилелеринин маселелери жөнгө салынган (эмгек келишимин бузуу; жекече эмгек талаш-тартыштары».

Мындан тышкары Эмгек кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, эмгек ишмердүүлүгүн тандоодо басмырлоочу көрүнүштөрдү жоюу максатында оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуштарда кош бойлуу аялдардын, көкүрөктө балдары бар (эмчек эмизген) аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салуучу чаралар белгиленген.

Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча иш-чаралар каралган.

Copyright © 2017 Maral FM