Биз менен байланышыңыз

Финсабатка саякат: Насыяны максатсыз пайдалануунун кесепети оор

Блог | 17 Апр 2024 | 310 | 0

 

Акыркы мезгилде өлкөдө насыя алгандардын саны көбөйүүдө. Анын ичинде насыяны күнүмдүк керектөөлөргө жумшагандар арбын.

Улуттук статистка комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда насыя алгандардын саны 10 пайызга өстү. Өткөн жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, берилген насыялардын суммасы 29,5% көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад облустарында.

Насыяны максатсыз пайдалангандар кимдер? Насыя алууда финансылык сабаттуулук канчалык маанилүү?

Расмий маалыматтар боюнча, насыянын 48%ы турмуштук керектөөгө, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5%ы курулушка алынган.

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев насыя – максаттуу, максатсыз жана керектөөгө багытталган болуп бөлүнөрүн белгиледи.

«Мисалы максаттуу дегенде турак жайга, унаа алганга, окууга, соодага, бизнести өнүктүрүүгө жана башка ушул сыяктуу максаттарга берилет. Ал эми керектөөгө – бул эс алууга, кандайдыр бир тиричилик буюмдарын алууга максатсыз алуу десек болот».

Улуттук банктын адиси Кубанычбек Мусуралиев насыя же карыз алуудан мурун кардар бюджетин же финансылык планын так билиш керектигин айтат.

«Финансылык сабаттуулук боюнча насыяны же карызды алуудан мурун өзүңүздүн бюджетиңизди, финансылык планды карап, андай кийин гана алууга кеңеш берилет. Анткени ал карызды төлөп гана бербестен, үстүнө пайызын кошуп төлөө керек. Мисалы күрөө коюлат. Аны төлөй албасаң күрөөнү да жоготуу коркунучу бар. Ошондуктан бул жерде кылдаттык менен иш алып барыш керек. Бардык төлөм жөндөмдөрүн эсептеш зарыл. Мисалы үй-бүлөлүк бюджетти эсептеп, өзүңө керектүүсүн алып калып, насыяга канча бөлүгүн чыгара алам деп, бир бөлүктү эсептеп анан алыш керек. Кыйынчылык жаралбай тургандай шарт түзүү маанилүү».

Кандай учурда насыя максатсыз пайдаланууга кирет? Улуттук банктын адиси буга төмөндөгүдөй жооп берди.

Насыяны максатсыз пайдаланууга мисал келтирсек, адам 5-6 уй алам деп банкка кайрылат, акчаны алат. Бирок ал акчаны карызы болсо ага төлөп салат. Ошондо бир карыздан кутулуп, уй да жок, киреше булагы жок кайра эле карызга батып калат. Бул да насыяны максатсыз пайдаланууга кирет.

Улуттук банктын адиси Кубанычбек Мусуралиевдин айтымында, каржылык сабаттуулугу бар кардар насыя алуудан мурун киреше булагын жана аны төлөө жагына маани берет.

«Жалпысынан караганда финансылык сабаттуулугу жогору болгон адам насыяны алуудан мурун киреше булагын жана аны кантип төлөөнү ойлонот. Мисалы дүкөнү бар болсо же соода түйүнү болсо, иши жакшы жүрүп баштаганда, экинчи дүкөн ачууга максат кылат. Ошону менен жумуш орунду да камсыз кылат. Салыктарды да көбөйтүп, бизнесин өнүктүрүүгө аракет кылат. Ошентип киреше булагы көбөйүп, насыядан оңой эле кутулат».

Бүгүнкү күндө онлайн насыя берүүчү компаниялар көйбөйүп жатат. Алардын арасында шылуундук кылып элди кыйнаган насыя берүүчү уюмдар бар.

Мисалга алсак, «somo.kg», «акчамат» деген сыяктуу онлайн насыя берүүчү компаниялар бар. Ачык булактагы маалыматтарга таянсак, somo.kg онлайн насыя берүүчү компаниясы элге насыя бергенде бир жылдык пайызды 500 пайыз менен беришет. Оор учурга кабылып аягында эмне кылышты билбей, ошол жерден акча алып жаткандар көп. Келишимде компания тарабынан бардык шарттар так жазылбагандыктан, карапайым калк түшүнүп-түшүнбөй алып жатат.

Ал эми насыя алууда эмнелерди эске алуу керек?

Насыя алганга чейин акчаны топтоп туруп, пайызсыз акча менен ошол ишти баштоо, максатка жетүү варианттарын ойлош керек. Бирок болбой эле насыя алууга туура келип калса, анда пайыздык ченин, эффективдүү пайыздык чен деп коет, насыянын жалпы баасы эсептелиш керек, ал келишимде жазылыш керек. Анткени пайыздык ченге кандайдыр бир кошумча төлөмдөр кошулат. Ошондуктан жалпы эффективдүү пайыздык чени жогору болуп калышы мүмкүн. Эки-үч банкты салыштырганда пайыздык чени жогору болуп калышы мүмкүн. Дагы бир эске алчу нерсе – бул насыя шарттары, ошондой эле башка банктар менен салыштырып, тандап көрүү керек. Шарттары жеңил болгон банкка кайрылса болот. Насыянын келишимин жакшылап окуп чыгыш керек. Ар бир пункттары түшүнүктүү болгонго чейин адистерден сурап, аны түшүндүрүүнү талап кылса болот. Тейлөө тилин, төлөө убактысын тандасаңыз болот. Насыя алууда дагы бир маанилүү нерсе – бул тобокелдиктерди эске алуу. Мисалы сиздин негизги кирешеңиз кыргыз сомунда болсо, насыяны чет өлкөлүк валютада алсаңыз, анын курсу кескин өзгөрүп кетсе, насыянын көлөмү көбөйүп кетет. Мындан тышкары бизнес чөйрөсүндө, саясий чөйрөдө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп кетсе, сиздин ишиңизге таасир берип калышы мүмкүн. Ошондуктан ушундай тобокелдиктерди да эске алып, киреше булактары токтоп калбай тургандай кадамдарга жана алдын алуу багытында эсептөөлөр сыяктуу анализдерге көңүл буруу керек.

Өлкөдө насыя алгандардын саны эмне себептен көбөйүп жатканын байкап көрдүк. Адистер насыя алгандардын санынын өсүшүнө инфляция жана жакырчылык себеп болуп жатканын айтышууда.

Экономист Искендер Шаршеев насыя алгандардын көбөйүшүнө инфляциянын өсүп жатканын жүйөө келтирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө инфляция кирешенин өсүшүнүн ылдамдыгынан тез болууда. Учурда эч кимге акча жетишпейт.

Ошондой эле ал азыркы күндө кымбатчылык олуттуу сезилип жатканын белгиледи.

«Насыя алгандардын көбөйүп жатканына инфляция себеп болууда. Мамлекеттин ичинде сомдун көлөмүнүн көбөйүшү, ошондой эле сырттан дагы доллардын санын көбөйткөндүн эсебинен глобалдык инфляция болуп жатат. Анткени доллар резеврдик валюта. Биздин өлкөдө интервенция кылганда, ички дагы инфляция болуп жатат. Бүгүнкү күндө инфляциянын ылдамдыгы кирешенин өсүшүнүн ылдамдыгынан тезирээк жүрүүдө. Бүгүнкү күндө акча эч кимге жетишпейт. Азыр кымбатчылык да болуп жатат. Аябай сезилүүдө. Жалпы товарларды алганда 40 пайызга өсүп кетти».

Улуттук банктын маалыматына караганда 2022-жылы банк секторунун кардарларынын насыя портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн. 2021-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 23 млрд сомго өскөн.

Анын ичинен эң көп насыя соодага (56,2 млрд сом), айыл чарба тармагына (37,1 млрд сом) жана керектөө муктаждыктарына (33,1 млрд сом) алынган.

Экономист Төлөнбек Абдыровдун айтымында, насыялар – финансы-кредит системасынын негизги куралы.

Абдыров насыя алуучулардын санынын көбөйүп жатканына эки факторду негиз келтирди.

«Бул насыялар финансы-кредит системасынын негизги куралы болуп эсептелет. Акча айланууда насыя берүү негизги шайман катары кызмат кылат. Насыя алуунун пайызынын көтөрүлүшү эки түрдүү караса болот. Биринчиси, насыя алуунун шарттарынын жеңилдеши, ошондой эле пайыздык ченемдери азайганына байланыштуу насыя алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн. Экинчиси, насыя алгандардын көбөйүшү инфляцияга байланыштуу болууда».

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү берилген насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө колдонот. Расмий маалыматтарга ылайык, ар бир экинчи алынган насыя буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Ал эми айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.

Керектөө насыясы адамдын күндөлүк турмушу үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга берилет. Мындай насыя узак мөөнөткө колдонуучу товарларды (эмерек, тиричилик техникасы, уюлдук телефон, унаа, азык-түлүк ж.б.) сатып алуу үчүн эле эмес, окуу жайлардагы төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, саякат, турак жайды оңдоо өңдүү керектөөгө да алса болот.

Банк же насыя берүүчү уюм керектөө насыясын иштетүүнү көзөмөлдөбөйт жана анын максаттуу иштетилишине кызыкпайт.

Экономист Эрлан Камалов өлкөнүн экономикасы өскөнү менен калк арасындагы жакырчылык жоюла электигин айтат.

Ал бүгүнкү күндө айыл жергесинде жашагандар күнүмдүк жашоосун өткөрүү үчүн насыя алууга мажбур экенин белгиледи.

Мындан тышкары ал мамлекет учурда жакырчылыкты жоюу максатында бир катар долбоорду ишке ашырып жатканын кошумчалады.

«Жалпы экономика өстү. Пенсиялар, мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Бирок элдин жакыр жашаган катмары да бар. Акча тартыштыгы бар үй-бүлөлөр көп. Мисалы айылда жашагандар, чарба менен алектенгендердин көбү кирешенин аздыгынан же жоктугунан насыя алууга аргасыз болууда. Алардын көпчүлүгү насыя алып, күнүмдүк тиричилигин кылып жүрүшөт. Мамлекет жакырчылыктан чыгуу максатында «Социалдык келишим» долбоорун ишке киргизген. Мамлекет да буга көңүл буруп жатат. Мындай долбоорлордун санын көбөйтүү керек».

Керектөө насыясы негизинен эки түргө бөлүнөт. Максаттуу насыя кардардын белгилүү бир керектөөсүнө багытталып, каражат анын колуна түз берилбейт. Банк акчаны сатуучуга же кызмат көрсөткөн тарапка которуп берет. Адатта мындай насыя дүкөндөр, туристтик фирмалар же жеке клиникалар аркылуу сунушталат.

Ал эми максаттуу эмес насыялоодо бөлүнгөн каражат кардардын колуна накталай берилип, өзү каалаган ишке жумшоого мүмкүнчүлүк берилет. Мындай насыялардын тобокелдиги чоң болгондуктан, аны берүүнүн шарттары катаалыраак жана пайыздык үстөгү көбүрөөк болот.

Copyright © 2017 Maral FM