Биз менен байланышыңыз

«Сорос Кыргызстан» фонду 30 жылда кандай иштерди аткарды?

Коом | 16 Апр 2024 | 403 | 0

Кыргызстанда дээрлик 30 жылдай убакыттан бери иштеп келе жаткан «Сорос Кыргызстан» фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады. Анын себеби коомчулукта талкуу жаратып келген «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алуусуна байланыштуу экени айтылды. Фонд Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана бир катар багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырып келген. 30 жылдан ашык убакытта  «Сорос Кыргызстан» фонду кандай иштерди жасады? Бул тууралуу Президенттин админстрациясы эмне деди?

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка багыттагы долбоорлорду ишке ашырып келген  «Сорос Кыргызстан» фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотот. Мындай чечим Кыргызстанда эл аралык уюмдардан каржыланган жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар жонүндө кабыл алынган мыйзамга байланыштуу экени айтылды.

«Ачык коом» фонддорунун президенти Бинайфер Новрожи «Сорос-Кыргызстан» фондунун 30 жылдан бери жасаган эмгектерин айтып, мындан ары өлкөдө өз ишмердүүлүгүн уланта албай турганына өкүнүп жатканын билдирген.

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин пикиринде Кыргызстанда эркин, демократиялуу коом түзүүгө жардам берген фонд жабылып жатат.

«»Сорос Кыргызстан» фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотуп жатканы өкүнүчтүү. Фонд Кыргызстанда демократиялык, эркин коом курууда өнүгүү жолдоруна салым кошкон. Албетте, «Сорос Кыргызстан» фонду жабылса эле баардык уюмдар жабылат дегендик эмес, ар бир уюм өзү чечим кабыл алат. Мунун кесепеттери, саясий жактан кандай мааниге ээ болушу жөнүндө божомолдоо кыйын. Албетте оң жагына, пайда алып келет деп айтуу мүмкүн эмес».

Ошондой эле Эмил Жороев бийлик чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды тартипке келтирип, көзөмөлдөйм деген максаты болсо, буга чейинки бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдар жетиштүү болгонун кошумчалады.

«Чет элдик өкүл» деп таанылган “Коммерциялык эмсе уюмдар жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон. Өлкө башчысынын айтымында, мыйзамды кабыл алуунун башкы максаты чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды кайра каттоодон өткөрүп, «чет элдик өкүл» наамын берүү болуп саналат.

Документ кабыл алынганга чейин ондогон эл аралык уюм анын кесепеттерин эскертип, артка чакыртып алууга үндөп келишкен.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева өлкөдө иштеп жаткан башка бейөкмөт уюмдар да ишмердүүлүгүн токтотуусу мүмкүндүгүн айтат.

«Негизи «чет өлкөлүк» деген мыйзамга кошумча саясий чечим болду. Бул чечим Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүүдө да таасирин тийгизет. «Сорос Кыргызстан» фонду жабылды. Ишмердүүлүгүн токтотууга алардын укугу бар. Бирок менин оюмда, башка дагы уюмдар ушундай чечим кабыл алуусу мүмкүн».

“Сорос Кыргызстан” фонду өлкө эгемендүүлүк алган мезгилдин алгачкы жылдары ишмердүүлүгүн баштаган. Ишмердүүлүгүн билим берүү тармагын жакшыртууга арналган долбоорду колдоо менен баштаган.

Эл аралык билим берүү боюнча эксперт Мырза Каримов “Сорос Кыргызстан” фондунун билим берүү тармагына кошкон салымы тууралуу буларга токтолду:

«»Сорос Кыргызстан» фонду билим берүү тармагына өтө чоң салым кошту. Алар өлкөгө союз тараган мезгилде ачылды. Алар мектептерге көп жардам берип, окуучулардын аң-сезимин өстүрүүгө жана мугалимдердин билимин жогорлатууга арналган ар кандай долбоорлорду каржылап, билим берүү тармагына эбегейсиз салым кошту. Аны менен катар өлкөнүн алдыңкы окуучуларын чет өлкөдө окуусун жана магистратура окуган студенттерди толук каржылап, алардын билим алуусуна, дүйнө таануусуна да чоң салым кошуп келишкен».

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиевдин айтымында “Сорос Кыргызстан” пандемия учурунда медицина тармагына да эбегейсиз салым кошкон.

Ал бүгүнкү күнгө чейин медицина тармагын долбоорлорду фонд каржылап келе жаткандыгын, мындан ары алардын абалы кандай болооруна кабатырланууда.

«»Сорос Кыргызстан» фондунда медицина тармагына арналган атайын программасы бар болчу. Булар айрыкча пандемия мезгилинде чоң жардам беришкен. Ошол мезгилде элге азык-түлүк, дары-дармек, эң керектүү болгон аппараттарды алып беришкен. Аны менен катар өлкөдө көп каражат талап кылган долбоорлорду каржылап келишкен. Алар бүгүнкү күнгө чейин туберкулез, АИВ боюнча жардам берип келишет, мындан ары булар эмне болот экен деп кабатырлануудамын».

Ал эми Президенттин администрациясы «Сорос Кыргызстан» фондунун жабылуусу боюнча билдирүү таратып, аталган фонддун өлкө үчүн жасаган иштери жогору бааланарын жана кызматташтык уланарын айтышты.

«Фондду жабуу чечимин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзамга байлоо — таң калтырды. Акыркы убактарда Жорж Соростун үй-бүлөсү жана чөйрөсү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүн жаап жатат. Фонд Украина менен Грузиядан тышкары Борбор Азиядагы жана Чыгыш Европадагы кеңселерин жапкан. Көптөгөн аймактардагы долбоорлору да жабылды жана кыскарды. Президенттик администрация «Сорос Кыргызстан» фондунун өлкөдө 30 жылдан берки аралыкта мыйзам үстөмдүгүн орнотууда жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын баалайт», — деп жазылган маалыматта.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган. Анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барышат.

Copyright © 2017 Maral FM