Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 16 Апр 2024 | 322 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалга татыды.

Ата мекендик спортчу 77 кг чейинки салмак ченинде 1\4 финалдан баштап, алгачкы беттешин 2023-жылдын Азия чемпиону, белгилүү казакстандык Ибрагим Магомадов аттуу балбан менен өткөрүп жеңишке жетти.

Жарым финалда Иран өлкөсүнөн келген Амир Али Абдини эки жолу 5 упайлык ыкмага салып берилген мөөнөттөн мурда утуп алды.

Ал эми финалдык беттеште япониялык Нао Кусака аттуу балбан менен кез келип, жыйынтыгында 2:4 эсебинде жеңилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM