Биз менен байланышыңыз

Балык чарбаларына мамлекеттик каттоодон өтүү сунушталды

Коом | 15 Апр 2024 | 399 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында балык чарбалары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды. Депутат Акбөкөн Таштанбеков көлдөргө, дарыяларга жана суу сактагычтарда курулган балык чарбаларына байланышкан маселени көтөрдү. Ал бүгүнкү күндө көпчүлүк балык чарбалары мамлекеттик каттоодон өтпөй иштеп жатканын белгиледи. Ошондой эле депутат бүгүнкү күндө канча балык чарба каттоодон өтүп, канча салык төлөп жатканы тууралуу так маалымат жок экенин айтты. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков балыктарды баккан көлдөрдү, дарыяларды жана суу сактагычтарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин белгиледи.

Айтуусунда, бүгүнкү күндө балык чарбаларын мамлекеттик каттоодон өткөрбөгөндөр көп. Ошол эле учурда ишкерлер мунун кесепетинен салык да төлөй албай жатышат.

«Эгер көлүңөр, дарыяңар катталбаса, анда мыйзамды бузуп жатпайбы. Мыйзамда тиешелүү органдар катталыш керек деп жазылып турат. Бул кыймылсыз мүлкпү? Агып жатпайбы. Көйгөйдүн баары ушунда болуп жатпайбы. Эң чоң көйгөй бүгүн көп балык чарбалар жайытта. Жайытты казышат. Көйгөй эмнеде болуп жатат? Салык кызматкерлери келишет да салык чогулта албай жатышат. Кантип алат? Жайыт кылып алат экен 12 сомдон. Аны да бошотуп коюшту. Ошондуктан мыйзамсыз болуп жатат. Анан дагы каттоодон өткөрбөй жатышат. Документтерин алалбай жатышат».

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Кубатбек Касейинов министрлик учурда жер жана суу кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын, алардын ичинде балык чарбасын каттоо, салык маселелери да эске алынарын айтты.

Ал бүгүнкү күндө аталган тармакка тиешелүү маселелердин баары иреттелип жатканын белгиледи.

«Биз азыр жер жана суу кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Кабыл алынгандан бери 67 жолу өзгөртүү болуптур. Ошол жерде дагы сиз айтып жаткан нормаларды киргизебиз. Андан сырткары балык чарбасы, балык өндүрүү үчүн суу сактагычтар бар. Ал жакка да бул нормаларды киргизебиз. Эми ошонун баарын иреттеп келе жатабыз».

Аталган комитет «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду карады.

Анда Кыргызстанда балык уулоочу торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзамды күчүн жоготту деп таануу сунушу да камтылган.

Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов бул маселе боюнча бир жыл мурун айыл аймактарда пилоттук түрдө өзгөртүү киргизилгенин билдирди.

«Бул маселе боюнча 2023-жылдын декабрь айында айыл аймактада пилоттук түрдө өзгөртүү киргизилген болчу. Мисалы Ысык-Ата районун алсак, район боюнча 42 гектарга жалпы саздуу болгон жайыт жерлер балык чарбага берилген. Бүгүнкү күндө жалпы 76 чарба департаменттин каттоосунан өткөн. Паспортторду, биологиялык негиздеме, аныктаманы алышкан».

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда өткөн жылдын 9 айында 23 миң 164,7 тонна балык өндүрүлдү. Анын ичинен кубулжума жилингир — 20 миң 605,1 тонна, бакма каңылтыр — 565,4 миң тонна, башка түрлөрү — 1 миң 994,2 тонна.

Депутат Алишер Эрбаев азыркы күндө балык чарбасы мамлекеттин катышуусу жок өнүгүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, учурда бир гана Кыргызстанды балык менен камсыздабастан, чет жакка да экспорттолуп жатат.

Эл өкүлү мамлекет бул тармакты өнүктүрүүгө шарт түзүп, иштей турган мыйзам жазып берүү керектигин кошумчалады.

«Бирок аткарылбагандан кийин тапшырма бериштин кажети барбы? Бүгүнкү күндө аква культура, балык уулоо мамлекеттин катышуусу жок өнүгүп жаткан бирден бир тармак. Баяндамада да айтылды. Бир гана өлкө боюнча эмес, сыртка да экспорттолуп жатат деп. Ишкерлер бири бири менен биригип жатышат, өз алдынча ассоциацияларды түзүп жатышат. Алардын иштешине мамлекет жана биз шарт түзүп беришибиз керек. Иштей турган мыйзам жазып бериш керек эле. Жазып бериш керек».

Кыргызстанда акыркы жылдары балык чарбасын жандантуу үчүн жеке ишкерлер тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө ичинде айыл чарбанын бул багыты менен алектенген ишкерлердин саны күн санап көбөйүүдө. Соңку убакта жер-жерлерде балык багууга багытталган ассоциациялар ачыла баштады.

Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда балык чарбасын өнүктүрүү жана жайылтуу максатында аймактык ассоциация түзүлгөн. Бирикменин курамын бир топ жылдан бери балык чарба тармагында эмгектенип келген ишкерлер түзөт.

Мындан тышкары Айыл чарба министрлиги балык баккан көлмөлөрдү ижарага берүү боюнча сынак жарыялап келген. Талап кылынгандай, сынактан өткөн тараптар көлмөлөрдү балык багуу үчүн гана пайдалана алышат. Башка багытта иштетүүгө болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM