Биз менен байланышыңыз

Ошто Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 145 | 0

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата «Менин ден соолугум, менин укугум» урааны астында чуркоо иш-чарасы өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, спорттук иш-чарасынын алкагында акысыз медициналык анализдерди тапшыруу, консультация берүү боюнча кызматтар көрсөтүлдү.

Жарышка Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары күч сынашып, жалпысынан 3 миңге жакын адам катышты.

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, демөөрчүлөр тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM