Биз менен байланышыңыз

Дүйшеев: Таштандыдан кайра жасалган буюмдардын жарманкеси өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2024 | 605 | 0

JIA бизнес ассоциациясынын «Жашыл экономика» боюнча менеджер Азамат Дүйшеев 20-апрелде өтө турган Green Waste Expo форуму жөнүндө «Маралдын» түз эфиринде айтып берди.

Green Waste Expo форуму жөнүндө

20-апрелде Accelerate Prosperity жана ЖИА бизнес-ассоциациясы биргеликте уюштуруп жаткан форум өтөт. Анда таштандыларды башкаруу маселесине көңүл бурулат. Бул форумда таштандыларды туура ташып алып баруу, кайра бөлүп алуу жана андан жасалган товарды экспортко жөнөтүү жолдору боюнча сөз кылабыз. Өндүрүштүк чынжырчаны башынан аягына чейин камтый турган форум.

Аны менен бирге таштандыдан кайра жасалып чыккан буюмдардын жарманкесин өткөрөлү деп жатабыз.

ЖИА бизнес-ассоциациясы жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп чыкканбыз. Ар бир ишканага барып жеринен таанышып келдик. Ошондо таштандыны кайра иштетип, биздин жашообузда колдонгон буюмдарды жасап чыккан ишкерлер бар экенине кубандык.

Таштандыны кайра иштетүү компаниялары

Бул тармакта статистика боюнча өлкөбүздө 200дөн ашык компания бар экен. Эң көбү Бишкек менен Чүйдө жайгашкан. Бул көмүскө тармак болгону үчүн көпчүлүк расмий түрдө катталбай эле жумуш кылышат. Ошондуктан биз форумга расмий түрдө катталып, өндүрүш технологиясын башынан аягына чейин ордуна койгон, эл аралык кызматташтык кылып келген компанияларды чакыралы деп жатабыз.

Андан тышкары, мамлекеттик ишканалардын ичинен Кумтөр компаниясы менен дагы иштешип жатабыз. Азыр эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод иштеп жатат. Ошол дөнгөлөктөн эле 5-6 түрдөгү нерсени чыгарабыз деп максат коюшкан.

Форумга кимдер катышса болот?

Кыргызстанда жашыл экономикага мамлекеттик деңгээлде багыт коюлган. Бир нече банктар дагы өздөрүн «жашыл банк» деп жарыялап, ошол тарапка насыяларды берип жатат. Бизге атайын жашыл экономика менен алектенген ишкерлерди издеп келишет. Ал эми ишкерлер тарабынан эң көп «инвестицияны кайдан алам?» деп көп кайрылышат. Ошондуктан булардын баарына бир аянтча түзүшүбүз керек экен деген ой келди. Бул форумдан жаш студенттен баштап мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн да күтөбүз.

Бишкекте таштанды калдыктарын башкаруу боюнча форум өтөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM